Талас элинен кайрылуу. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу.

Кайрылуу
Талас элинен


Өлкөбүздүн түндүк менен түштүгүн жалгаштыруучу Токтогул-Талас- Кумбел-Бишкек авто жолун куруу боюнча Талас элинин Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаевге,
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Ж.Сатыбалдиевке
жана жалпы Кыргызстандын калайык калкына
КАЙРЫЛУУСУ
Эзелтеден көчмөн элдердин тарыхында жолду ыйык тутушкан. Жолду адамдын күрөө тамырына салыштырышып, жол бүткөн жерде адамдын өмүрү да бүтөт деп ишенишкен. Ошондуктан алардын жашоосунун көпчүлүк бөлүгү көчмөн турмуштун тоо аралаган кыйла чийме жолдорунда калган. Анын бир мисалы Улуу Жибек Жолу. Миң жылдап батыш менен чыгышты, түндүк менен түштүктү, ал түгүл бүтүндөй континенттерди жалгаштырып, өз учурунда илим билимдин, адамзат жараткан рухий жана материалдык баалуулуктардын, көз жоосун алган архитектура жана искусство чеберчилигинин жалпы адамзаттын энчисине айланышына зор таасирин тийгизип, адамдардын цивилизацияга жетүүсүндө көөнөргүс из калтырган Улуу Жибек Жолунунун даңаза тарыхы уланып, ал бүгүн да элүүдөн ашык мамлекеттерге, миллиарддаган калайык калкка ак кызматын көрсөтүп келатат.

Ошол Улуу Жибек Жолунун бир кичинекей бутагы Талас менен Аксыны, жалпы эле кыргыздын түштүгү менен түндүгүн бириктирген Кетментөбө- Талас-Кумбел-Чүй жолу жүздөгөн жылдар бою алысты жакын кылып кыргыз элинин биримдигине, ынтымагына данакер болуп келгендигин өткөн тарых барактары тастыктап турат.

Бул жол менен кыргыз элинин залкар төкмө демократ акыны Токтогул, Таластык залкар төкмө Эшмамбетке каттаса, Аксылык залкар комузчу Ниязаалы Талас аралап андан ары Чүйгө түшүп, кадимки “Күмүш капкак аттуу комузун чаап, тууган тапкан, бир нече залкар күүлөрүн жараткан.

Кийин 1960-жылдары Төө-Ашуу туннели ишке берилип, Бишкек-Ош жолу ачылгандан тартып Токтогул-Талас жолу пайдалануудан калып, Талас багытынан түштүккө, түштүктөн Таласка болгон элдин мурдагыдай массалык карым катнашы үзүлүп калган. Ошентсе да СССР урап, колхоз, совхоздор тараганга чейин Талас, Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) райондорунун “Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы, “Победа сыяктуу чарбаларынын төрт түлүк малы Беш-Таш өзөнүн өрдөп Терек ашуусу аркалуу Кетментөбө тарапка жайлоого чыгып турган.

Эгемендүүлүккө жетишип, өзүбүзчө мамлекет болгондон кийинки экономикалык жана саясый кыйынчылыктардан улам бул жолдун маани маңызына кайрылып, маселе көтөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой келди. Ошентсе да президентибиз Алмазбек Атамбаевдин бийликке олтурган биринчи күнүнөн тартып, республиканын түндүгү менен түштүгүн жалгаштыруучу альтернативалык автожол куруу идеясын көтөрүп чыгуусу жана өткөн жылдын декабрь айында өзүнүн 2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиясын аныктаган программалык документинде “Кыргызстанды өнүктүрүүнүн “Жол картасы өлкөнү “транспорттук туңгуюктан алып чыгуу жана өлкөнү “транзиттик өлкөлөрдүн катарына кошуу боюнча ачык айкын инфраструктуралык иш чараларды камтыйт. Бул өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосунда кошумча транспорттук байланышты камсыз кылат –деп белгилеши бизди жогоруда сөз болуп жаткан Токтогул-Талас-Кумбел-Бишкек жолун куруу идеясын көтөрүп чыгууга негиз болуп олтурат.

Айрыкча бүгүнкү транспорт агымы күчөп, өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн жакындатуу маселеси жалпыбызга абадай керек болуп турган учурда бул жолдун саясый жана өндүрүштүк зарылдыгы өзгөчө экендиги талашсыз чындык. Бири-бирине жакын турганы менен ортолорун тоо кыркалары гана бөлүп турган региондор арасын бириктирүүчү бийик ашуулары жок кыска жана коопсуз жол куруу элибиздин ынтымагын мындан да бекемдеп, экономикалык, социалдык, бир туугандык карым катнашты күчөтөт. Коомубуздун туруктуу өнүгүшүнө жол ачат.

Муну менен биз азыркы аракеттеги Бишкек-Ош жолунун маанисин төмөндөткүбүз келбейт. Ал мындан ары да калайык калкыбыз үчүн өзүнүн ак кызматын өтөй бермекчи.

Бирок, автомашиналардын агымы мындан он жыл эле мурдагыга караганда 10-15 эсе көбөйгөн, азыркы тапта бийик, эки тарабында тең отуздан ашык чукул серпантиндери, бурулуштары көп “Төө-Ашуу, андан кем калбаган, деңиз деңгээлинен 3326 метр бийиктиктеги “Өтмөк, жылдын эң аз болгондо жети айы бою көчкү басуу коркунучуна кептелген “Чычкан капчыгайынын, “Ала-Бел ашууларынын адам өмүрүнө болгон коркунучу жылдан жылга күчөп бараткандыгын мойнубузга алалы. Ал түгүл акыркы эле 3-4 жыл ичинде көчкүнүн алдында өмүрү кыйылган адамдардын саны, андан мурдагы 20 жыл ичиндегиге караганда 1,5 эсеге көтөрүлүшү ойлондурбай койбойт.

Ошол эле учурда ашууларда 5-10 сааттап, ал түгүл эки үч күндөп жол жабылып, бир нече километрге созулган автотыгындан улам кыйынчылыктардын арбын катталуусу жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Дагы бир көйгөй “Төө-Ашуу туннелинин бир суткелик өткөрүм мүмкүндүгү адистердин билдирүүлөрүнө таянсак 500 автомашинанын чегинде болсо бүгүнкү тапта оору, жеңили болуп суткесине 5000ден ашып, туннелге болгон басым 10 эсеге чоңоюптур. Мунун өзү кайсы бир учурда туннел узак убакытка ремонтко жабылып калуу коркунучун жаратпастыгына ким кепилдик берет ?

Ушундан улам биздин Сиздерге курууну сунуштап олтурган Токтогул-Талас-Кумбел-Бишкек автожолу боюнча төмөндөгүдөй оюбузду билдирмекчибиз.

Токтогул районунан чыгып Чычкандын оозунан Узун Акмат суусун бойлой жүрүп олтуруп “Терек ашуусу аркалуу Таластын “Беш-Таш өзөнүнө түшүп келүү керек. Токтогулдан “Терек ашуусуна чейин 56 чакырым, ал эми “Терек ашуусунан ашып түшкөндөн кийин Талас шаарына чейин 47,5 чакырым. Баш аягы 100 чакырымчалык келген, кар калың түшкөнү менен ашуусу анча бийик эмес, бул аймактагы жол менен Союз кезинде автомашиналар каттап турган.

Ырас, Токтогул менен Таласты бөлүп турган “Терек ашуусуна кар калың түшөт, анын маселесин адистердин айтымында Жол галереясын куруу менен чечсе болот.

Эми жолдун Бишкекке алып барчу экинчи бөлүгүн карасак, Таластан Талдыбулакка чейинки аралык 65, Талдыбулактан Көпүрөбазарга чейинки аралык 11 чакырымды түзөт. Жалпысынан алганда бул 76 чакырымга созулган жол тилкеси асфальтталган, бүгүнкү абалы канааттандыраарлык экендигин жакшы билесиздер. Андан ары жол Көпүрөбазар айлынан Каракол өзөнүн бойлоп олтуруп Кумбел жайлоосу аркалуу Абладан түшүп Кара-Балта суусун жээктеп Сосновка айлынын үстүнөн Бишкек-Ош жолуна кошулат.

Мында, биринчиден Каракол, Үч-Кумбел, Бок-Саз өзөндөрүнө кар калың түшпөйт, бийик ашуу да жок, экинчиден Таластан Бишкекке чейинки аралык 100 чакырымга кыскарат.

Албетте бардык маселе акча каражатына келип такала тургандыгын жакшы түшүнөбүз. Республиканын экономикасынын бүгүнкү абалын да көрүп турабыз. Ошондуктан бул жерде жолду курууга чет элдик ири инвесторлорду таап, дыкат даярдык көрүп, баарын ийне жибине чейин изилдеп, тактап, анын долбоорун, техникалык экономикалык негиздерин түзүп анан киришүү керек. Ушул жерден биздин дагы бир сунушубуз Талас өрөөнүндөгү “Жерүй, “Талдыбулак жана башка алтын кендерин иштетүүнү тездетип, ага келген инвесторлордун бул жолдун курулушуна түздөн-түз көмөктөшүүсүн эгер туура болсо алар менен түзүлүүчү мамлекеттик келишимге кошо киргизүү максатка ылайык келээр эле.

Ушул жолду куруунун учурдагы демилгечиси, эмгек ардагери, “Бүргө баатыр коомдук фондусунун жетекчисинин орун басары Жолдошбек Рыскулов өткөн жылдын 17- ноябрында Талас облусуна иш сапары менен келген Сизге, урматтуу Жантөрө Жолдошович атайын жолугуп аталган жолдун долбоору боюнча өз ой пикирин кеңири айткан экен. Сиз, жол-транспорт адиси катары быйылкы жаздын келиши менен бул маселени көзөмөлгө алып, изилдеп чыгуу керектигин баса белгилеп, тиешелүү министрге тапшырма бергендигиңиздин өзү да бизди көптөн үмүттөндүрүп койду.

Ошондуктан ушул маанилүү ишти өзгөчө көңүл салып, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн алдыдагы беш жылдык программасына киргизип берүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Жалпы кыргыз элибиз, калдайган калайык калкыбыз Талас журтчулугунун ушул кайрылуусун терең түшүнүү менен кабылдашып, келечекте эл ичиндеги ынтымактын, биримдиктин, бир тууганчылыктын жана өнүгүп өсүүнүн гарантына айлана турган Токтогул-Талас-Кумбел-Бишкек альтернативалык авто жолунун курулушун чын дилдеринен колдошот деп терең ишенебиз.
Кайрылуу 2012-жылдын 18-январында Талас шаарында болуп өткөн Талас облусунун жетекчилигинин, активинин жана карыяларынын, басма сөз кызматкерлери менен жолугушуу жыйынында кабыл алынды.
Кайрылууга Талас элинин атынан кол коюуучулар :
Райкан Алканов- Кыргыз Республикасынын ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары, белгилүү мецанат, коомдук ишмер.

Абдыкадыр Кенесариев-Советтик, партиялык кызматтын ардагери, коомдук ишмер.

Мүнүр Мамбеталиев-Талас облустук ардагерлер Кеңешинин төрагасы.

Элүүбай Отунчиев- Белгилүү жазуучу, эмгек ардагери.

Сыдыков Тургунбек- Советтик, партиялык кызматтын ардагери.

Жусупбай Казакбаев- эмгек ардагери.

Амангелди Баязов- эмгек ардагери.

Масалбек Шабданов- акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
Орозбек Расылканов – эмгек ардагери.

Кушбек Бакетаев – эмгек ардагери.

Канымжан Темиралиева- журналист, эмгек ардагери.

Рустам Осмоналиев- № 5 өндүрүштүк линиялык автожол башкармалыгынын начальниги.

Жолдошбек Рыскулов- эмгек ардагери, “Бүргө баатыр коомдук фондусунун жетекчисинин орун басары.

http://www.barakelde.org/comments/news:898


Фильтр

Сбросить

Похожее в этом районе
18.05.2018 Контакты
10.05.2018 Конкурс на позицию эксперта по правовым вопросам
10.04.2018 Kyrgyzstan sees launching of 12 projects on security and crime reduction
03.04.2018 Timur Shaikhutdinov: There is a huge public potential to maintain law and order
03.04.2018 They will fight against crime together in Bishkek
Гражданский союз
24.02.2018 Гражданский союз
Cтать лучше себя вчерашнего
18.02.2018 Cтать лучше себя вчерашнего
09.09.2017 Будущему президенту под силу определить вектор реформ в правооохранительной сфере
22.08.2017 Дезорганизованная работа патрульной милиции привела к фактическому отсутствию патрулирования улиц в столице
11.02.2017 Тимур Шайхутдинов: Когда разочарование уступает под натиском новой мечты

Фильтр

Сбросить